Дагы 16 дарыгер ооруп калды. Эми алардын саны 80ге чамалады

Дагы 16 дарыгер ооруп калды. Эми алардын саны 80ге чамалады

Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, 9 медкызматкер Бишкек шаарында, 4 – Ош облусунда, 2 – Ош шаарында, 1 – Баткен облусунда.

COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 учур.

Бүгүн, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын жалпы саны 419 кишиге жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 91,
  • Ош облусунда – 128,
  • Ош ш. – 59,
  • Чүй облусунда – 27,
  • Бишкек ш. – 69,
  • Баткен облусунда – 5,
  • Нарын облусунда – 34,
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.