Дагы 17 учур. Жалпы саны 466 киши

Дагы 17 учур. Жалпы саны 466 киши

Бүгүн, 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

  • Бишкек ш. – 5
  • Ош облусу – 1
  • Нарын облусунда – 11

Жаӊы катталган учурларда 7 аял, 10 эркек.

Кыргызстанда жалпысынан СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 466 кишиге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош облусунда катталган.

  • Анын ичинде:
  • Жалал-Абад облусу – 93
  • Ош облусу – 131
  • Ош ш. – 71
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 87
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусу – 45
  • Ысык-Көл облусунда – 6

Жалпы катталган учурлардын ичинен – 251 аял, 215 эркек.

Белгилей кетсек, Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 537 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):

  • Жакын байланыштар (I категория) – 1 556
  • Башка байланыштар (II категория) – 5 981