Дагы 18 медицина кызматкери ооруп калды. Эми алардын саны 130дан ашты

Дагы 18 медицина кызматкери ооруп калды. Эми алардын саны 130дан ашты

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 18 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, илдетти жуктурган медкызматкерлердин жалпы саны 134гө жетти.

"Коронавирусту жаңы жуктурган 18 кызматкердин ичинен Жалал-Абадда 4, Баткенде бир, Ош облусунда 5, Нарында 4 жана Бишкекте 4 медкызматкер жуктурган. Алардын 7си дарыгер, калгандары кенже кызматкерлер", — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуктурган 48 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 554кө жетет. Алардын ичинен 133 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.