Дагы 18 учур. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 300гө чамалады

Дагы 18 учур. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 300гө чамалады

Кыргызстанда коронавирустун дагы 18 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Эгер жалпы санын ала турган болсок, Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын жалпы саны 300 кишиге чамалады.

  • Бишкек ш. – 6
  • Чүй облусунда (Кемин району – 6, Токмок ш. – 1, Аламүдүн району – 1) – 8
  • Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 2, Жалал-Абад ш. – 1) – 3
  • Ысык-Көл облусунда (Ак-Суу району) – 1

Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 298 кишиге жетти.  Алардын төртөө каза болду. 

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.