Дагы 23 киши коронавирус жугузду. Жалпы саны 489 кишиге жетти

Дагы 23 киши коронавирус жугузду. Жалпы саны 489 кишиге жетти

Бүгүн, 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, жаӊы катталган учурларда 15 аял, 8 эркек.

  • Бишкек ш. – 14
  • Чүй облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 2
  • Ош облусу – 4
  • Ош ш. – 2

Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 489 кишиге жетти. Жалпы катталган учурлардын ичинен – 266 аял, 223 эркек.

  • Жалал-Абад облусу – 93
  • Ош облусу – 135
  • Ош ш. – 73
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 102
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусу – 45
  • Ысык-Көл облусунда – 8

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.