Дагы 48 учур. Коронавирусту жуктургандар 550дөн ашты

Дагы 48 учур. Коронавирусту жуктургандар 550дөн ашты

Бүгүн, 19-апрелге карата Кыргызстанда дагы 48 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 554 адамга жетти.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын 311и аялдар, 253ү — эркектер түзөт.

  • Бишкек ш. – 9
  • Чүй облусу – 2
  • Ысык-Көл облусу – 2
  • Ош облусу – 7
  • Ош ш. – 9
  • Жалал-Абад облусу - 9
  • Нарын облусу – 11
  • Баткен – 1