Дагы 5 дарыгер коронавируска чалдыгып, жалпы саны 100дөн ашты

Дагы 5 дарыгер коронавируска чалдыгып, жалпы саны 100дөн ашты

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынан – 4, Нарын облусунан – 1 дарыгер ооруну жугузуп алган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды.

Бүгүн, 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Жалпысынан СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 466 кишиге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош облусунда катталган.

  • Жалал-Абад облусу – 93
  • Ош облусу – 131
  • Ош ш. – 71
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 87
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусу – 45
  • Ысык-Көл облусунда – 6


Жалпы катталган учурлардын ичинен – 251 аял, 215 эркек.

Белгилей кетсек, Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.