Дагы 5 учур. Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 130га чыкты

Дагы 5 учур. Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 130га чыкты

Бүгүн, 3-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды, жалпы сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлайт.

Белгилей кетсек, жалпысынан республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 130 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Күн мурун, 2-апрелде коронавирус илдетинен бир кыргыз жараны каза тапты. Бейтап Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Ал 61 жашта болгон. Маркумдун дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган.

Ошондой эле, коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 5 киши сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.