Дагы 7 дарыгер коронавирус жуктуруп алды. Жалпысынан 19 догдур ооруканада

Дагы 7 дарыгер коронавирус жуктуруп алды. Жалпысынан 19 догдур ооруканада

Коронавирустун жаңы учурлары көбүнесе дарыгерлерге жуккан. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

"COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлердин саны 19 түздү. Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларда жайгашты", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов.

Анын айтымында, жаңы жуктурган 12 бейтаптып жетөөсү – дарыгерлер, бардыгы байланышта болгондор.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.