Дагы 9 учур. Салыштырмалуу сандар азайды
Бүгүн, 25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учур катталды. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.
- Бишкек ш. – 4
- Ош ш. – 4
- Чуй облусу – 1
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 463.
Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат. COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы саны 665 кишиге жетти. Ичинен 312 киши бейтапканада, 6 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө.
Коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 345 жаран айыгып чыкса, 8 киши илдеттен көз жумган.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: