Дагы бир медициналык борбор карантинге жабылды. Себеп дарыгери илдет жуктурган

Дагы бир медициналык борбор карантинге жабылды. Себеп дарыгери илдет жуктурган

№13 Үй-бүлөлүк медицина борборунун аймактык дарыгеринен коронавирус табылган. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка караганда, үй-бүлөлүк медицина борборунун аймактык дарыгери үй карантинде болгон, кийин андан коронавирус табылган.

Азыр ал жаран жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Дарыгерден эки жолу COVID-19 вирусуна анализдер алынып, жыйынтыктары терс болуп чыкты. Ленин районундагы ҮМБ жетекчилиги чечим чыгарып, №13 ҮМБ кызматкерлеринин жана ал жакка караштуу калктын коопсуздугу үчүн дарыгерди үй карантинине жиберишти”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда поликлиникада тазалоо иштери жүргүзүлгөнү кабарланат. Министрликтин маалыматына караганда, 19-апрелден баштап №13 ҮМБ штаттык тартипте иштей баштайт.

Жалпысынан Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына 506 киши чалдыкты. Ичинен 116сы медицина кызматкерлери.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.