Дагы бир өлүм. Ноокаттын туругуну коронавирустан көз жумду

Дагы бир өлүм. Ноокаттын туругуну коронавирустан көз жумду

Кыргызстанда Коронавирус илдетинен дагы бир киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

“Өткөн сутканын ичинде Ноокаттын ооруканасында бир адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Ал 87 жашта болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Белгией кетсек, Кыргызстанда жалпысынан оорудан беш адам көз жумду. Ал эми коронавирустун дагы 18 жаңы учуру катталды.

Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 298 кишиге жетти.  

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.