Дагы үч медицина кызматкерлери коронавирус жуктуруп алышты. Жалпы 273

Дагы үч медицина кызматкерлери коронавирус жуктуруп алышты. Жалпы 273

Сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Нарын шаарында бир медкызматкер илдетти жугузуп алышкан.

«Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — дейт ал.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1350 учуру катталды. Ичинен 949 киши айыгып, ооруканадан чыгарылышкан. Ал эми ооруканаларда 387 бейтап жатышат. 4 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. Илдеттен 14 киши көз жумган.