Данияр Сыдыков «Алайдын жери Кытайга түбөлүккө берилди»деген маалыматты четке какты

Данияр Сыдыков «Алайдын жери Кытайга  түбөлүккө берилди»деген маалыматты четке какты

Кытай тараптын газ куурлары үчүн Кыргызстандын Чоң-Алай өрөөнүнөн жер түбөлүккө берилет деген сөз чындыкка жатпайт. Бул боюнча президент аппаратынын тышкы саясат  бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, газ куурлары өтүүчү жер кытай тарапка убактылуу гана берилет. «Бул эл аралык тажрыйба. Бүткүл мамлекетте келишимдин негизинде мындай иштер аткарылат», -дейт Данияр Сыдыков. 

Кыргызстан аркылуу өтө турган транзиттик түтүк боюнча келишимге 2013-жылы Шанхайда кол коюлган.  Келишим мөөнөтү 30 жыл деп айтылган.

«Газ түтүгү жерден 4 метр тереңдикте өтөт. Ошондуктан,Алай өрөөнү экиге бөлүнөт, же кандайдыр бир зымдар тосулуп тартылат деген маалымат жаңылыштык», -дейт президент аппаратынын тышкы саясат  бөлүмүнүн жетекчиси. 

Айтымында, газ куурлары өткөрүлгөн жерди коргоо иштерин Кыргызстан күч түзүмүнүн кызматкерлери жүргүзөт.  Ошондой эле, Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон иш-сапарынын алкагында газ куурларына байланыштуу дагы бир катар кошумча келишимдерге кол коюлаары күтүлүүдө.  

Эскерте кетсек, Кытай энергетикалык коопсуздугун диверсификациялоо жана бекемдөө максатында газ куурларын ар тараптан тартып жатат. Ага байланыштуу Түркмөнстан газын алып өтүү боюнча бир газ түтүгү Өзбекстан-Казакстан аркылуу Кытайга өтсө, экинчиси Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан аркылуу Кытайга өтөт.

Тажикстандан чыгып, Кыргызстандын Чоң Алай району аркылуу Кытайга өтүүгө тийиш болгон газ куурунун узундугу 215 чакырым келет. Жыл сайын куурдан  30 млрд. кубметр газ өтөт.