07.04.2018 20:05

Дарыгерликке окуу мөөнөтү узарат

Медициналык окуу жайларда ординатура мөөнөтү узартылат. Жаңы кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык, саламаттыкты сактоо министрлиги атайын адистиктер үчүн студенттердин окуусун 3 жылдан 5жылга чейин узартууну пландоодо. Ал эми жалпы практикалык дарыгерлердин ординатурада окуу мөөнөтү өзгөртүлбөйт. Ошондой эле, медициналык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 80 пайызын аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна бөлүштүрүү каралууда