Коронавирус: 4 медицина кызматкеринен илдет аныкталды

Коронавирус: 4 медицина кызматкеринен илдет аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар 4 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ал эми стационарлардан 8 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 255 учур катталды, алардын ичинен 212 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, бүгүн коронавируска кабылган 78 адам аныкталып, өлкө боюнча илдетке кабылгандардын жалпы саны 1216 кишиге жетти. Республика боюнча  бүгүнкү күнгө чейин жалпы 827 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 14 адам көз жумган.