19.12.2019 11:09

Дастан Бекешев: ЖМКларга карата уюштурулган массалык DDOS-чабуулу боюнча кылмыш иши козголушу шарт

Дастан Бекешев: ЖМКларга карата уюштурулган массалык DDOS-чабуулу боюнча кылмыш иши козголушу шарт

Жергиликтүү ЖМКларга карата массалык DDOS-чабуулу боюнча кылмыш ишин козгоону депутат Дастан Бекешев талап кылып чыкты. Бүл тууралуу ал бүгүн, 19-декбарда парламенттин отурумунда билдирди.

Эл өкүлү Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу кийим-кечек, асыл буюмдары тууралуу жазып чыккан Кыргызстандагы маалымат каражаттарына болгон DDoS-чабуулу кылмыштардын биридиктүү реестрине каттоону укук коргоо органдарынан талап кылды.

Депутаттын айтымында бул киберкылмыш жана ал тергелиши керек. Ал эми күнөөлүүлөр жоопко тартылышы абзел.

Эске салсак, Factcheck.kg сайтына чуулгандуу макала жарыялангандан кийин эки саат өтпөй DDoS-чабуулу уюштурулган. Жети башка ЖМК алардын материалын жайгаштырышып, ошондой эле киберчабуулга дуушар болушкан.

Белгилей кетсек, Factcheck.kg сайты маалыматтын тактыгын иликтөө менен алектенип, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүшөт.