26.02.2020 12:06

Кой-Таш окуясы: Айыпталып жаткан 14 кишинин иши сотко Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү

Кой-Таш окуясы: Айыпталып жаткан 14 кишинин иши сотко Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү

2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Кылмыш ишинин алкагында 14 кишиге айып тагылды. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылды:

  • 39 («Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу»);
  • 355 («Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу»);
  • 337 («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу»);
  • 244 («Адамдарды барымтага алуу»);
  • 264 («Массалык башаламандык»);
  • 130 («Киши өлтүрүү»);
  • 130 жана 39 («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу»);
  • 253 («Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу»);
  • 257 («Ок атуучу курал-жаракты уурдоо»);
  • 338 («Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу») беренелери.

Ишти Биринчи Май райондук соту карайт. 

Эске салсак, күн мурун, 25-февралда прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча шек саналып жаткандарга айыптоо актыларын расмий тапшырган.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын маалыматына караганда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекиткен.

Жолдубаева айыптоолордун баары «бир тараптуу, далил базасы жок жана оозеки айтылгандарга негизделген» деп билдирди.

Белгилей кетсек, тергөө менен кызматташууга макул болгон 5 кишинин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.