11.03.2020 15:18

Сүйүнчү! Сапар Исаков эгиз уулдуу болду

Сүйүнчү! Сапар Исаков эгиз уулдуу болду

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков эгиз уулдуу болду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Исаковдун өзүнө таянып жазып чыгышты.

Мурунку өкмөт башчы журналисттерге бактылуу экенин белгилеп, бирок азырынча кошумча маалымат бере албай тургандыгын айткан.

«Мен азырынча дагы башка нерсе айта албайм. Бүгүн жубайым эгиз уулдарды төрөп берди. Бардыгы жакшы», - дейт Сапар Исаков.

Белгилүү болгондой, мурунку премьердин аялы Малика Арстанбекова Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарган.

Эске салсак, жубайлардын дагы төрт кызы бар.

Бишкек шаардык ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаков күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылып, мүлкү конфискацияланган.