18.12.2019 16:30

Коркутуп-үркүтүү: Жарандык активист Динара Ошурахуновага белгисиз номурдан чалып, коркутуу аракетин көрүштү

Коркутуп-үркүтүү: Жарандык активист Динара Ошурахуновага белгисиз номурдан чалып, коркутуу аракетин көрүштү

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын мурунку башчысы Динара Ошурахунова дарегине коркутуп-үркүтүүлөр түшүп жатканын ачыктады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты.

Айтымында бүгүн, 18-декабрда таң эрте ага телефон чалышып, төмөндөгүчө эскертүү беришкен: «Динара, тополоң кылсаңар… (түшүнүксүз)… өпкөңдү үзөм»

 “Бул ким?”, деп сурасам, ал “айырмасы кандай?”,  деп жооп берди. Байланыш үзүлүп, кайра чалсам, андай номер жок деген билдирүү келди”, - дейт Ошурахунова.

Эске салсак, Динара Ошурахунова Ала-Тоо аянтында өткөн #ReАкция митингинде авктивдүү катышкан. Көп өтпөй социалдык тармактарда жарандык активисттин аты аталган каралоо материалдары чыга баштаган.

Мисал келтирсек, Kaktus.media маалымат агенттигинин маалыматы боюнча WhatsApp аркылуу Маданият министри Гапар Айтиев атындагы музейдин директорлугуна Мира Жангарачеванын ордуна Динара Ошурахунованын талапкерлигин карап жатат деген маалыматтар тарап кеткен.

Өз кезегинде Ошурахунова бул маалыматты четке каккан. Бул сымал жалган маалыматтарды Дастан Бекешев, Адиль Турдукулов жана Ширин Айтматова тууралуу дагы таркатышкан. Баары тең оппозицияда.

Белгилей кетсек, демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын мурунку башчысы өз позициясын бүгүнкү Ала-Тоо аянтындагы сөз эркиндиги үчүн өткөн митингде дагы билдирген.