13.12.2019 10:15

Депутат Асель Кодуранова ИИМде сурак берүүдө

Депутат Асель Кодуранова ИИМде сурак берүүдө

Депутат Асел Кодуранованы кайрадан суракка чакырышты. Бул тууралуу  КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Анын айтымында, эл өкүлү ИИМдин тергөө кызматына бүгүн барышы керек. 

Эске салсак, кечээ мурунку депутат Равшан Жээнбеков сурактан кийин кармалган.

Буга чейин дагы Жогорку Кеӊештин депутаты Асел Кодуранова ИИМге суракка чакырылган болчу.

Эске салсак, Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизалардан өтүүгө чакыруу алышты. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина соцтармактагы баракчасына жазды. «Биз баарыбыз ким чыныгы ууру экенин тастыктап жатабыз, ал эми тергөө жөн гана шылдыңдап жатат», — деп жазган ал.

Буга чейин депутаттар Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын үй камактагы мөөнөтү дагы узартылган.

Ирина Карамушкина 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар делип шектелүүдө. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.