01.04.2020 16:37

Депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда өзгөчө абал жарыялдоо сунушун айтты

Депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда өзгөчө абал жарыялдоо сунушун айтты

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Анда «Коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралууда.

Жыйында депутат Бакыт Төрөбаев коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал жарыялоону сунуш кылды. Анын айтымында, өлкөдө коронавируска байланыштуу абал оңолбой жатат.

«Бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө абал киргизилиши керек. Биз изоляцияга кетпесек, жагдай өзгөрбөйт», — деди Төрөбаев.

Бирок Кыргызстанда өзгөчө абалды узартуу өлкө экономикасына абдан чоң сокку урарын айтып, аны узартпаш керек экенин айткан депутаттар болду.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган. Мындай режим өлкө жарандарына жана ишкерлерге бир катар чектөөлөрдү киргизүүдө.

Мындан сырткары пандемияга байланыштуу дүйнөдөгү кырдаалдан улам бир катар өлкөлөр чек араларын жаап, соода, катнаш токтогон.