24.05.2018 10:54

Депутат Бажы кызматында коррупция кайра башталганын билдирди

Депутат  Бажы кызматында коррупция кайра башталганын билдирди

«Оӊолбековдун иштегенине 30 күн толбой жатып, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, Бажы кызматы кайрадан баягы таз кейпине түштү», -деп билдирди депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында. Бул туурасында мыйзам чыгаруучу органдын басма сөз кызматы билдирди. 

«Өкмөт Кубанычбек Кулматовго өчөшүп, Бажы кызматынын башчылыгына Оӊолбеков деген немени дайындап салды. Иштегенине 30 күн толбой жатып, өзүн-өзү билип, мурдагы тажрыйбалуу кызматкерлерди жумуштан бошотуп, айрымдарын кызматынан кичирейтип, Бажы кызматы кайрадан баягы таз кейпине түштү. Муну ишкерлер менен жүк ташуучулар айтышты. Азыр бажычылар ар фурадан 2 миӊ доллардан «колкесер» алып жатышыптыр. Өкмөт болсо көрмөксөн да билмексен», -дейт депутат. 

Ошондой эле, анда далилдер бар экенин билдирди. 

«Мындай жосун тууралуу маалыматтар менен далилдер бар. Керек болсо, кимдер кимге пара бергенин так айтып бере алам. Премьер-министр буга көӊүл буруп, тийиштүү чараларды көрүү менен, бажы жайларындагы абалды оӊдошу керек», - деди депутат.