23.01.2020 12:20

Депутат Мирлан Бакиров: Жашоосуна нааразы кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек

Депутат Мирлан Бакиров: Жашоосуна нааразы кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жашоосуна нааразы болгон кыргызстандыктарды Памирге жөнөткүсү бар.

Бүгүн, 23-январда парламенттин жалпы жыйынында парламентарий сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандагы жашоого нааразы жарандарды убактылуу Памирге жөнөтүү керектигин билдирди.

"Кыргызстандагы бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгон тараптарды ошол жерге бир жумага жөнөтүш керек. Кандай оор турмушту башынан кечирип жатышканын көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, мүмкүн турмушка көз карашы өзгөрөт",-дейт Мирлан Бакиров.

Мындай ою менен ал Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселесин көтөрүп жатып айтты.

Депутат Бакиров памирлик кыргыздар боюнча Кыргызстан «колго аларлык жумуш жүргүзүп жатканын» белгиледи.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган.