10.07.2018 14:32

Депутаттар эс алууга кайда барышат?

Депутаттар эс алууга кайда барышат?

Жогорку Кеңеш жок, узап бара жаткан аптада саясий айдың тынч болду. Эскерте кетсек, өткөн дүйшөмбүдөн тартып депутаттар эки айлык эс алууга кеткен.

Баса, белгилеп айта кетүүчү нерсе, эл өкүлдөрү эки ай бою чалкалап, эс алып жатып алышпайт. Регламент боюнча июль ичи шайлоочулардын арыз-муңдарын угуп, көйгөйлөрүн тең бөлүшүшү керек. Августта гана эс алып, күч топтоп, кийинки сессиянын башталышына чыгышат. Бирок эл өкүлдөрү бул жобону сакташабы? Балким, аймактарды кыдыруунун ордуна туристтик чет мамлекеттерди кезип жүрүшпөсүн?

Суроо салып, эл өкүлдөрүнө кайрылганыбызда кубантаарлык жооп алдык, же кабарчыларды сооротуп коюштубу – айтоор, кайсыл депутатка коңгуроо кылбайлы, бардыгы Кыргызстанда эс алууну жактырышат экен. Албетте, эл өкүлү мекенчил болушу абзел. Бирок,  Жогорку Кеңештин акыркы отурумдарына 120 депутаттын ичинен 11 гана катышканын эстеп, эл өкүлдөрүнө ишенбей да кетесиң. Эл өкүлдөрү кайда жана эмне менен алектенип жүргөнүн April.kg кабарчысы сурамжылады.