26.10.2018 14:10

Депутаттарды ойго салган көйгөйлөр

Депутаттарды ойго салган көйгөйлөр

Кечееги кезектеги парламенттик жыйында дайындоолор менен отставкалардан башка да толгон токой маселелер каралды. Баары эле актуалдуу десек, калп айткан болобуз. Талкуу аянтын колдонууга мандат алгандар, курч маселелерден тажаганбы – айтор, жыйындын аягына чейин баары чыдап отуруп берген жок. Жол боюндагы ажатканалар, айрым имараттардын актап сырдалышы тууралуу сөздөр, аны менен катар калктын санын көбөйтсөк болот эле деген ой толгоолор парламентарийлердин өздөрунө деле кызыксыз болду көрунөт.