Динара Молдошева интеллектуалдык менчик мамкызматынын төрайымы болуп дайындалды

Динара Молдошева интеллектуалдык менчик  мамкызматынын төрайымы болуп дайындалды

Динара Молдошева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмүнөн билдиришти. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Молдошева Динара Автандиловна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жанаинновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп дайындалды.