Дмитрий Медведевдин өкмөтү отставкага кетет

Дмитрий Медведевдин өкмөтү отставкага кетет

Бүгүн Россиянын Дмитрий Медведев баштаган өкмөтү отставкага кетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Мамлекеттик Думадагы өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик Дума 7-майда Владимир Путиндин инагурациясынан кийин президент министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкерди сунуштайт деп күтүп жатышат.

Эртең 8-майда  Мамлекеттик Думанын депутаттары жаңы келе турган өкмөт башчы тууралуу маселени карашмакчы.

Эске салсак, 2012-жылы Россия Федерациясынын президенти Путиндин инагурациясынан  кийин эки саатка жетпей эле Дмитрий Медведевдин талапкерлиги Өкмөт башчылыкка  сунушталаары белгилүү болгон.