07.12.2018 14:31

Дордой базарында дүкөндөр түртүлүүдө

Дордой базарында дүкөндөр түртүлүүдө

Дордой базарынын аймагындагы мыйзамсыз объекттер түрттүрүлүүдө. Муниципалитеттин кызматкерлери алгач эскертүү беришип, эч кандай реакция болбогон соң, мыйзамсыз объекттерди түрттүрүүгө мажбур болушканын айтышат. Аталган базардын айланасындагы мыйзамсыз жайлар алдыда дагы аныкталып, түрттүрүү иштери улантылат, дешет мэриядан.