Досалы Эсеналиев Президент Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

Досалы Эсеналиев Президент  Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу  президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Эсеналиев Досалы Акпаралиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды.