27.04.2020 11:08

Дубайдан 178 кыргыз жараны мекенине алынып келинди

Дубайдан 178 кыргыз жараны мекенине алынып келинди

Бишкекке «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен кыргызстандыктар келди. Жалпы 178 адам мекенине кайтты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин  Бириккен Араб Эмираттарынын бийгили менен “Дубай-Бишкек” маршруту боюнча чартердик каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү айтылган. Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу тапшырмасын өлкө башчы берген.

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы аба каттамдар коронавирустун жайылуусунан улам убактылуу токтотулган болчу.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 21.00 – 06.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.