15.08.2018 11:35

Дүйнө сулуусу Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүүлөр камалган жок

Сания Шакированын өлүмү боюнча ачылган кылмыш иши бүгүн, 15-августта, сотто каралат. Тергөө амалы мыйзамсыз жүрүп, айыпталуучу суудан кургак чыгып кетет деп маркумдун ата-энеси тынчсызданууда. Жадакалса Президентке чейин кат менен кайрылышып, соттун чечими адилеттүү болушун талап кылышкан.

Эске салсак, Сания Шакирова «Аалам чүрөгү 2018» эл аралык сынагында «Дүйнөнүн сулуу айымы» наамын жеңип алганы менен таанылган. Июндун башында жол кырсыгына кабылып, каза болгон. Артында 3 баласы калды. Бул иш боюнча тергөө жүрүп, жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу камакка алынган. Бирок көп өтпөй, ден-соолугуна байланыштуу үйүнө кое берилген. Соттун мындай чечимине нааразы болгон Саниянын ата-энеси массалык маалымат каражаттарына жардам сурап кайрылышты.