09.04.2020 09:00

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны бир жарым миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны бир жарым миллиондон ашты

Бүгүн, 9-апрелге карата коронавируска чалдыккандардын саны 1 миллион 511 миңден ашты. Тиешелүү маалыматты АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы чыгарды.

Маалыматка караганда, 88 миңден ашуун киши көз жумду, 330 миңдейи сакайды.

Оору жуккандардын эң көбү АКШда - 429 миңден көбүрөөк.

Испанияда 148 миңден, Италия 139 миңден, Германияда жана Францияда 113 миңден ашты. Европанын башка өлкөлөрүндө, Иранда жана Түркияда да ооругандар көп. Ал эми коронавирус тутанган Кытайда ооругандар 82 800гө жеткен. Алардын көбү сакайып, өлкөдө карантин жоюлуп жатат.

Кыргызстанда 8-апрелдеги расмий маалыматтарга ылайык, COVID-19 вирусу 270 адамга жукканы аныкталды, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты.