24.04.2020 16:54

Дүйнөдө коронавирусту жугузгандардын саны 2 млн 700 миң адамдан ашты

Дүйнөдө коронавирусту жугузгандардын саны 2 млн 700 миң адамдан ашты

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2 млн 700 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, COVID-19 илдетин дүйнөдө 2 млн 710 миң 264 адам жуктурса, каза болгондордун саны 190 миң 896 адамды түздү.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп адам АКШда жуктуруп, алардын саны — 886 миң 172ни түзөт. Вирусту Испанияда 213 миң 24, Италияда 189 миң 937, Францияда 159 миң 467, Германияда 153 миң 129 , Улуу Британияда 139 миң 246, Түркияда – 101 миң 790, Иранда – 85 миң 996, Кытайда – 83 миң 884 жана Россияда – 68 миң 622 адам жуктурду.

АКШда коронавирусту жуктурган 49 миң 963 адам каза болду. Азырынча Кошмо Штаттар дүйнөдө каза болгондордун саны боюнча биринчи орунда турат.

Ал эми 24-апрелге карата Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан жарандардын саны 656 кишиге жетти. Ичинен 172си медицина кызматкерлери. Алар менен дээрлик 2 548 киши байланышта болушкан. Учурда 914 киши обсервацияга алынган. Ал эми бейтапканада 326 адам жатат. Ичинен 5 жарандын абалы оор, реанимацияда.

Ошол эле маалда бул илдеттен 322 бейтап сакайып,ю үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши оорудан көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.