15.05.2018 09:37

ЕАЭБдин кийинки жыйыны Санкт-Петербургда өтмөк болду

ЕАЭБдин кийинки жыйыны Санкт-Петербургда өтмөк болду

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар  жана кеңири курамдагы жыйынына катышты. Жыйында  Бирликтин алкагында  соода-экономикалык өз ара кызматташуу, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо  маселелери талкууланды. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Жыйынга Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян катышып, билдирүү жасашты. Молдова Республикасы ЕАЭБдин байкоочу-өлкөсү  деген статус алды.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Жыйын аяктагандан кийин катышуучулар биргелешип  бир аз сейилдешти. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кийинки жыйыны 2018-жылдын ноябрь айында Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөрүлөт.