08.12.2018 12:23

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ саммитине катышып келди: жыйынтык чыгарабыз

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ саммитине катышып келди: жыйынтык чыгарабыз

Санкт-Петербургда өткөн ЕАЭБдин саммити бул жылы талаштарга бай болду. Белоруссия президенти өз нааразычылыгын прессанын көзүнчө эле балп эттире айтып салып, журналисттерге ойлонууга жем таштады.

Владимир Путиндин бул тууралуу берген ымдоолоруна Александр Лукашенко баш ийбей, газдын кымбат келип жатканын айтып, евразиялык экономикалык биримдик баштапкы макулдашууларына жооп бербей жатканын сындап өттү.

Ал эми Кыргызстан үчүн бул саммиттин мааниси канчалык болду?