02.03.2020 14:05

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Чагымчылдар кабарчыларга "асылышты"

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Чагымчылдар кабарчыларга "асылышты"

Садыр Жапаровду колдоо митингинде чагымчыл аракеттерди жасоого аракет кылгандардын бири – “Антитеррор” кыймылынын мүчөсү Александр Толмачев экендиги айтылууда. Ал “Клооп” басылмасынын кабарчысына “асылганын” аталган маалымат каражаты жазып чыкты.

Журналисттин маалыматына караганда, Толмачев кабарчы кызды сүрөткө тартып, анын паспортун көрсөтүүнү талап кылган.

 «Ал аны россиялык активист деп атап жана ЛГБТ тууралуу бир нерселерди айткан. Анын орус эмес, кыргыз жараны экенин тастыктап берүүнү талап кылган. Ал кыргыз паспортун көргөзүүгө даяр болчу, бирок митингчилер байкап калышып, Толмачевду чогулган адамдардын арасынан чыгарып коюшкан», - деп «Клооп» басылмасы жазып чыкты.

Эске салсак, бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында саат 11:00дөн бери экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Белгилей кетсек, бүгүнкү митингде чагым уюштуруу аракеттери дагы байкалган. Белгисиз адамдар беткап кийип, колдоруна ЛГБТ-биримдигине каршыбыз деген жазууларды көтөрүп келишкен. Бирок аларды уюштуруучулар борбор аянттан чыгарып коюшкан.