11.02.2020 13:13

Россияда жол кырсыгы катталып, кыргыз жараны жабыркады

Россияда жол кырсыгы катталып, кыргыз жараны жабыркады

Санкт-Петербургда автокырсык катталып, Кыргызстандын жараны жабыркады. Бул тууралуу маалымат «Вконтакте» социалдык тармагында тарады.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 11-февралда, таңкы саат 06:00 чамасында катталган. Выборгский районунда Культура проспектисинде ГАЗель Next автоунаасынын айлоочусу токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн. Маршрутканы 1962-жылы туулган Кыргызстандын жараны башкарып келаткан.

Жайынтыгында «ГАЗельдин» айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.