Ээнбаш табып Ашым Зайналиевдин колунан беш жашар кыз жабыркады

Ээнбаш табып Ашым Зайналиевдин колунан беш жашар кыз жабыркады

Өзүн элдик табып атаган Ашым Зайналиевдин уколунан кийин 5 жашар наристе оор абалда бейтапканага түштү. Бөбөк Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө жатат. Ак кан илдети менен жабыркаган кызга Зайналиев өзү даярдаган белгисиз дарыларды берип, курсагына укол жасаган. Жыйынтыгында рак клеткалары кыздын денесине жайылып кеткен.