15.03.2019 13:50

Хашим Зайналиев: чындыкты издеген жалган табып

Хашим Зайналиев: чындыкты издеген жалган табып

Октябрь райондук сотунун чечими менен ишмердүүлүгүнө чектөө коюлган жалган табып Хашым Зайналиев эми Бишкек шаардык сотуна чечимди жокко чыгаруу арызы менен кайрылды. Сот тарабынан чектөө коюлган клиниканын кабарын билүү үчүн барган кабарчыларыбыз Хашим Зайналиев адаттагыдай иштеп жатканына күбө болуп келишкен. Дарыгердин өзү болсо, “жеке менчигиме кирип келди” деп журналисттердин үстүнөн милицияга арыз жазган. Дагы бир арызын табып кассалык маалымат каражаттарына арыздарды кароо комиссиясына да жөнөткөн.

Ал эми биз жалган дарыгер тууралуу медицина кызматкерлеринин пикирлерин сунуштайбыз.