27.02.2020 17:03

Сөз эркиндиги: ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюс» гезитин 300 миң сомдук айыпка жыкты

Сөз эркиндиги: ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюс» гезитин 300 миң сомдук айыпка жыкты

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюс» гезити менен болгон соттук териштирүүдө утуп алды. Бишкек шаардык соттун чечимине ылайык, аталган басылма министрге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Эске салсак, мурдараак Октябрь райондук соту дагы маселени Кашкар Жунушалиевдин пайдасына чейип, бирок айыппулдун баасын 1 миллион сом деп бычкан. Өз кезегинде Жунушалиев аталган гезиттен 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Соттук териштирүүгө гезитте жарык көргөн айрым маалыматтардын чындыкка дал келбегени жана гезит бетиндеги фотоколлаж себеп болгон.

Ал эми гезиттин редакциясы макаланын мазмундук жагынан алганда министрдин иши боюнча гезитке талдоочулардын пикирлери чыкканын айтып, ал эми фотоколлажды «журналистикадагы чыгармачылык» деп баалаган.