Эки баштык картөшкө жана эки кап ун. Бүтүндөй кичи районго Ош мэриясынан берилген жардам

Эки баштык картөшкө жана эки кап ун. Бүтүндөй кичи районго Ош мэриясынан берилген  жардам

Ош шаарынын мэриясы “Черемушки” кичи районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөттү. Бирок анын өлчөмү жергиликтүү тургундарды таң калтырган. Бүтүндөй кичи районго муниципалитет эки баштык картөшкө жана эки мүшөк ун жөнөткөн.

Ачуусу келген тургундар “Апрель” редакциясына көрсөтүлгөн гум.жардамдын көлөмүн видеого тартып, жөнөтүшкөн.

Алардын айтымында, аталган кичи райондо эки көп кабаттуу үй турат. Анын ар биринде сегизден үй-бүлө турат. “Черемушектин” жалпы жашоочулары болжол менен 50 киши.

Бүгүн, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын жалпы саны 419 кишиге жетти. Ичинен 79 учур медицина кызматкерлеринен аныкталган. Коронавирустан 67 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.