05.04.2018 16:21

Эки өлкө салыкчылары салыктык башкаруу боюнча Жол картасынын аткарылышын талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов Казахстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Ардак Тенгебаев менен Бишкек шаарында жолугушту.

Эки өлкөнүн салык органдарынын жетекчилери 2017-жылдын 2-декабрында Астана (Казахстан) шаарында кол коюлган салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча Жол картасынын пункттарынын аткарылышын талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары “Жол картасынын” пункттарында белгиленген салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө пикир алмашышты.

Алсак, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соодалашууда товарларды ташып кирүү, ташып чыгууларды башкаруу менен байланышкан маселелерди, анын ичинде экспорттоо жана импорттоодо товарларды толугу менен эсепке алуу көйгөйлөрү жана ушул чөйрөдөгү контролду күчөтүү боюнча чараларды карап чыгышты.

Ошондой эле, өз ара соодалашууда товарларды экспорттоо боюнча маалымат алмашуу маселелерин талкуулашты. Эки органдын жетекчилери “Жол картасын” иш жүзүндө ишке ашыруунун  маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилешти.