11.04.2020 17:51

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси Кыргызстанга 100 миң доллар берет

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси Кыргызстанга 100 миң доллар берет

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) мамлекеттик кызматчыларга жана ыктыярчыларга коргоочу жабдууларды сатып алууга 100 миң доллар бөлүп берет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсеси COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы жана коргоо иш-аракеттерин жүргүзүү максатында алдыңкы орунда иштеген мамлекеттик кызматчыларга жана ыктыярчыларга коргоочу жабдууларды сатып алууга 100 миң доллар бөлүп берет.

Коргоочу жабдуулар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: бир жолку медициналык комбинезондор, N95 респиратордук беткаптар, колкаптар, коргоочу көз айнектер, термометрлер жана башка биринчи кезекте зарыл болгон каражаттар.

«Бишкектеги ЕККУнун программалык кеңсеси кризистин таасирин минималдаштыруу жана азыркы абалдан чыгуу жолун тездетүү үчүн өкмөткө адаптациялык колдоо көрсөтүүнү улантат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.