24.04.2019 16:36

Экс-мэрлердин иши. Сот жактоочулардын кылмыш ишти бөлүп кароо сунушун четке какты

Экс-мэрлердин иши.  Сот жактоочулардын кылмыш ишти бөлүп кароо сунушун четке какты

Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

«Дастан» ишканасынын мурунку директору Юрий Васильевдин жактоочусу ишкана боюнча козголгон кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө алууну суранды. Ал айыпталуучунун тергөө менен иштешүүгө макул болуп, күнөөсүн мойнуна алганын эске алыш керектигин белгиледи. Ушул эле эпизод менен мурунку мэр Албек Ибраимов да айыпталып жатат.

Сөз «Күнөстүү жээк» пансионатын атайылап арзан баада сатып жиберүү  жөнүндө болууда. Бирок, Албек Ибраимов бул жерде өзүнүн эмне тиешеси бар экенин түшүнбөй жатканын айтты. Соттолуучунун белгилешинче, 2012-жылы анын пансионатка эч кандай тиешеси болгон эмес жана ал кезде чечимди Юрий Васильев кабыл алчу. 

Прокурорлор Юрий Васильевдин гана кылмыш ишин бөлүп кетүүнү сунушташты. Бирок сот өтүнүчтү четке кагып, муну ишти маңызы боюнча кароо али баштала электиги менен түшүндүрдү.