15.01.2019 13:11

Эксперимент: жол көзөмөл камераларын алдаса болобу?

Эксперимент: жол көзөмөл камераларын алдаса болобу?

"Коопсуз шаар" долбоорунун жазасынан оңой кутулуп кетсе болот, дейт интернеттеги айрым жарнамалар. Ал үчүн унаанын мамлекеттик номерлериндеги сандарды атайын нано-чел кабык (нанопленка) менен капташ керек. Бул амалдын жардамы менен көчөлөргө орнотулчу фото жана видео байкоочу каражаттарды айланып өтсө болот дешет бул товарды сатып жүргөндөр.

April.kg кабарчысы Аман Бакиров алардан кабыкты сатып алып, эксперимент катары мисалында мыйзамды алдаган ыкманы сынап көрдү.