15.06.2018 10:20

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып келди

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кичи мекени болгон Арашан айылынын мечитиндеги айт намазга катышты. Буга кошумча, мурдагы өлкө башчы айт намазга чогулган жердештери менен да баарлашты.

Намаздан кийин Алмазбек Атамбаев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын Апрель революциясынын, 1937-жылдын сталиндик репрессияларынын жана Үркүн курмандарын эскерип, куран окуду.