27.04.2020 13:21

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кадыр Атамбаевди туулган күнү менен куттукташты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кадыр Атамбаевди туулган күнү менен куттукташты

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары мурунку мамлекет башчынын кенже уулу Кадырды туулган күнү менен куттукташты. Күн мурун, 26-апрелде ал 27 жашка толду.

Кадыр Атамбаев 2000-2011-жылдары Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиясында билим алган.

2015-жылы Борбор Азиядагы Американын университетин бүтүрүп, “бизнес башкаруу” адистигин алган.

Жогорку окуу жайын аяктаган соң Кадырбек Атамбаев белгилүү маданият таануучу Лев Гумилевдун идеяларанынын үстүнөн ой жүгүрткөн «Теория наций: теория экономической пассионарности» аталышындагы китеп-монографиясын чыгарган. Илимий иш Бишкекте 500 тираж менен басылып чыккан.

Эки жыл мурун, 2018-жылы Атамбаевдин кенже уулу (МГИМО) Эл аралык мамилелер боюнча Москвадагы мамлекеттик университеттин магистратурасына тапшырган. Бул ирет ал “мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк” боюнча адистигин алууда.

Бир катар илимий макала жана китептердин автору.