Экс-президенттин кол тийбестиги. Укук коргоочу Токтакунов Конституциялык Палатага кайрылды
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Нурбек Токтакунов Атамбаевдин кол тийбестигин алууну мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылды.
Текстти келтиребиз:
Кайрылууга ушул жылдын апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин конституциялык жактан байкалган анык эместиги негиз болду.
Бул беренеде мыйзам чыгаруучу КР экс-президентин кол тийбестигинен ажыратуу жол-жобосу бөлүгүндө мыйзамга артка иштөө күчүн берген.
Жалпы эреже боюнча жаңы мыйзам өзүнүн аракетин өткөн окуяларга жайылтпайт. Бул коомдогу укуктук мамилелердин туруктуулугун камсыз кылуунун максаттарына кызмат кылат. Мыйзамдарга артка иштей турган күч берүү ал адамдардын абалын жакшырткан, юридикалык абалын жеңилдеткен же жокко чыгарган учурларда гана жол берилиши мүмкүн.
«КР Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин экс-президент өзүнүн президенттик мезгилинде жасаган аракеттери үчүн толугу менен кол тийбестикке ээ эле. Өзгөртүүлөр мыйзамды, анда Кыргыз Республикасынын экс-президентин ал президент болуп турган мезгилдеги жасаган иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартуунун жол –жобосу каралбаган ченемде тааныган ЖСнын Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечиминин негизинде киргизилгенин белгилей кетүү керек. Конституциянын 97-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эместигин аныктоо алардын аракетин Кыргыз Республикасынын аймагында жокко чыгарат жана соттук актылардан тышкары, конституциялык эмес деп табылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын да аракетин жокко чыгарат.
Конституциялык палатанын 2014-жылдын 13-январындагы токтомуна ылайык:
«Конституциялык палатанын ченемдик укуктук актынын жоболорун конституциялык эмес деп табуу жөнүндөгү чечиминин юридикалык кесепети болуп, алардын аракетин Конституциялык палатанын чечими жарыяланган учурдан тартып жокко чыгаруу эсептелет. Бул мындай ченемдик укуктук актылар келечекте колдонууга жатпайт дегенди билдирет...
Мамлекеттик органдардын укук колдоо практикасында, соттук актылардан тышкары Конституциялык палатанын чечимине артка иштеген күчүн кайтаруу бул же тигил чөйрөдөгү укуктук мамилелердин туруктуулугун камсыздоо максаттарына карама каршы келмек. Конститциялык палатанын чечими ченемдик жөнгө салууну Конституциялык палатанын чечими күчүнө киргенге чейин токтотуп коюу каражаты катары каралбашы керек».
Демек, Кыргыз Республикасынын экс-президентин кол тийбестигинен ажыратуу жол –жобосун аныктаган мыйзам артка иштебеши керек. Бирок талашылып жаткан берене менен мыйзам чыгаруучу аны артка иштеген күчүнө киргизип, аны 2007-жылдын 23 –октябрынан тарта аракетке киргизген. Муну менен экс-президент үчүн жаңы милдеттер пайда болгон, тактап айтканда, тергөөчүгө жана сотко келүү, көрсөтмө берүү милдети келип чыккан, мурдакы мыйзамдын тушунда ал мындай милдеттерге дуушар болмок эмес. Экс-президенттин абсолюттук кол тийбестигин жокко чыгаруунун жана жарандардын мыйзам алдында теңдигинин калыбына келтирүүнүн ири коомдук-саясый маанисин моюнга алуу менен ошол эле маалда коомдук укуктук мамилелердин, анын ичинде, саясый күрөштүн «эрежелерин» туруктуулугун камсыз кылган мыйзамдардын артка иштөө аракетинин прицибинин бузулушуна жол бербөө маанилүү.
Экс-президенттин кол тийбестигин алуу жөнүндөгү ченемдин артка иштеген күчүн кайтаруу төмөнкү негиздер боюнча демократиялык кызыкчылыктарга олуттуу коркунуч жаратат.
Бул Конституциялык палатанын 2018-жылдын 3-октябрында көрсөтүлгөндөй:
«Бийликти шайлоо жолу менен легитимдүү түрдө алмаштыруу жөндөмүнө ээ демократиялык мамлекеттин шарттарында, ошондой эле бир эле адамдын эки ирет Президент болуп шайлануусуна тыюу салуу түрүндөгү чектөөнү эске алуу менен экс-президенттин укуктук иммунитети тийиштүү жүрүм-турумга оң мотивация берген, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууда ага жүктөлгөн функцияларды тышкы факторлордон көз карандысыз жана натыйжалуу аткаруусун камсыз кылган жана ретроспективдик мааниси бар каражат болуп эсептелет».
Мыйзам чыгаруучу тарабынан экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратуунун жол-жобосун алгачкы жолу аныктаган мыйзамга артка иштөө күчү берилгендигинин натыйжасында учурдагы президент логикалык түрдө экс-президенттин учурдагы кол тийбестиги да иш жүзүндө жок деп болжолдойт. Анын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин жана саясый күчтөрдүн белгилүү бир жайгашуусунан улам анын саясый оппонеттери бул мыйзамдын да артка иштеген күчүн кайтаруу менен экс-президенттин укуктук иммунитетин биротоло жокко чыгаруулары мүмкүн. Андан кийин саясый жактан өч алуу максатында жалпы негизде кылмыш жоопкерчилигине тартуулары ыктымал. Ага жүктөлгөн милдеттерди сырткы факторлордон көз карандысыз жана натыйжалуу аткарууга түрткү боло турган иммунитет түрүндөгү укуктук стимулдаштыруучу каражаттардын иш жүзүндо жоктугу бийликтин демократиялык жол менен алмашуу кызыкчылыктарына реалдуу коркунуч жаратат. Мыйзам туруктуу эмес иштеген жана укуктук мамилелер туруксуз шарттарда учурдагы президент үчүн, анын ыйгарымы укуктары аяктагандан кийин ыйгарым укуктарын Конституцияга ылайык токтотконго караганда, бийликти сактап калуусу эң жакшы «иммунитет» болуп берет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Конституциянын 97-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык өтүнөбүз:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 15-майындагы №61 Мыйзамынын 2-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө карама каршы деп табылсын.
Өтүнүчтүн толук текстин шилтеме боюнча окуп алсаңыздар болот.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: