17.04.2020 12:07

Эл каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылды

Эл каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылды

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоонун мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылды. Бул тууралуу 17-апрелде Улуттук статистика комитети билдирди.

Каттоо быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин өткөрүлмөк. Бирок COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу аны 20-апрелден 29-апрелге чейин өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Бүгүн, 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру аныкталды. СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 489 кишиге жетти. Ичинде 116сы медицина кызматкерлери.

  • Стационарда – 370
  • Реанимацияда – 4
  • Ооруканадан чыгарылды – 114
  • Каза тапты – 5

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын 1-мартында Кыргызстанда элдин жалпы саны 6 миллион 542 миң адамга жетти.